“Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы жөнүндө” техникалык регламент” мыйзамына кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы жөнүндө” техникалык регламент” мыйзамына бүгүн, 3-июнда кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 18-апрелде кабыл алган. Ага ылайык, азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын өнөр жайлык өндүрүүдө пайда болуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен адамдардын, айбанаттардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөрдү, курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккан жана техникалык жөнгө салуу объекттерине колдонуу жана аткаруу үчүн млдеттүү талаптарды белгилейт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан