Жантөрө Сатыбалдиев: "Жалал-Абаддагы маселени күч колдонуп чечүү өкмөттүн планында жок"
Өкмөт Жалал-Абаддагы кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүү
керектигин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 3-июнда аталган маселеге
байланыштуу өткөрүлгөн жыйында айтты. “Өкмөт митингчилер менен сүйлөшүүдө. Бул
маселени күч колдонуп чечүү биздин планда жок”,- деди өкмөт башчы. Жыйындын
жүрүшүндө премьер-министр өкмөт мүчөлөрүнө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
тапшырмасын берди.