Декларация: Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Сейдахмат Исмаиловдун 2012-жылы тапкан кирешеси 18 557 932 сом
Тапшырган декларациясына таянсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Сейдахмат Исмаилов 2012-жылы 18 557 932 сом киреше тапкан. Мындан сырткары анын 0,05 гектар жерди ээлеген курулушу аяктай элек имараты, 508,06 чарчы метр аянтты ээлеген дагы бир имараты, 695 чарчы метр аянтты ээлеген үйү, 235 чарчы метр аянтты ээлеген жер тилкеси бар. Кыймылдуу мүлктөрү төмөнкүлөр: 2005-жылы чыгарылган Тойота Камри, 1995-жылы чыгарылган Мерседес-Бенц 500 жана 1999-жылы чыгарылган Линкольн Таункар унаалары. Ал эми Исмаиловдун жакындары 2012-жылы 360 000 миң киреше тапкандыгы, аларга таандык 65 чарчы метр аянтты ээлеген имарат жана 85,4 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үй бар экендиги жазылган декларацияда.