2013-жылдын 5 айында Бишкек шаарында 439 мыйзамсыз курулуштун ээлерине эскертүү берилген

2012-жылдын 5 айында Бишкек шаарынын Жеке турак жай куруу департаменти жеке турак жай куруу тармагында катталган мыйзамсыз курулуштар боюнча 439 эскертүү берген. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен 287 эскертүү аткарылып, 146 кепилдик милдеттенмелер берилсе, 9 курулуш убактылуу токтотулуп, 35 мекеме пайдаланууга берилген жана укук коргоо органдарына 12 кат жиберилген. Аталган мезгилде эскертүүлөрдүн аткарылбагандыгы боюнча 80 протокол түзүлүп, сотко жөнөтүлгөн жана 66 чечим чыккан. 101 курулуш бузулган, алардын 11и үй, 11и чарбалык курулуштар, 71и короо-жай курулуштары болгон. Соттун токтому менен 26 курулуш, тургундардын өз ыктыяры менен 75 курулуш бузулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан