12-июнда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу башталат

4-июнда президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-орус өлкөлөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун баштоого даярдыктардын жүрүшү тууралуу сөз болду. Өлкө башчы Артыкбаевге Нарын дайрасында жаңы гидроэлектростанцияларды куруу долбоорун өз учурунда ишке ашыруу боюнча орусиялык өнөктөштөр менен тыгыз иштешүү тапшырмасын берди. Ошондой эле ушул жылдын 12-июнунда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун баштоо аземин өткөрүү пландалды. Белгилүү болгондой, келечектеги ГЭСтердин ордуна капсула түптөө 2012-жылдын 27-октябрында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда болуп өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан