Жайыл районунда же Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа кырсыкка учурап, 35 тонна бензин төгүлдү. ӨКМ билдиргендей, окуя 4-июнь күнү саат 08:55 чамасында болуп, саат 11:00 чамасында ал жерге куткаруучулар жетип барышкан. Ошту көздөй DAF унаасы менен бара жаткан 38 жаштагы айдоочу Мирбек Абдыбаев рулду башкара албай калып, унаа жол четине кулап түшкөн. Эч ким жаракат алган жок, айдоочу да ооруканага баруудан баш тартты. ӨКМ учурда Сосновка жана Талды-Булак айыл аймагына ичүүчү суу берүү токтотулганын жана суунун сапатын текшерүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.