Баткен. 3-июнда тажиктерден запкы тарткан жарандын энеси ооруканага жеткирилди

3-июнь күнү кечинде тажик жарандарынан запкы тарткан кыргыз жарандын энеси Шарафат Надырованын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Баткен облустук ооруканасынын Терапия бөлүмүнүн башчысы Бүажар Умарова билдирди. Айтымында, дарыгерлер өз учурунда жардам көрсөтүп, бейтаптын абалы учурда жакшы. Эске салсак, кечээ Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Бакай айылынын тургуну жайлоодон үйүнө кайтып келе жатканда анын унаасын бир нече тажик жарандары таш бараңга алышкан. Окуядан соң эки тарап сүйлөшүү жүргүзүп, тажиктер айдоочунун унаасын талкалагандыгы үчүн 10 миң сом төлөп бермек болушкан. Бул кабарды уккан жабырлануучунун апасынын кан басымы көтөрүлгөндүгү белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан