"Ош шаарындагы №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 9-филиалы талашка түшүп, эки жактын ортосундагы тартыштан улам абалы каралбай калды". Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.
"Аталган филиал өзү мамлекетке караганы менен, имараты жеке менчикке өтүп кеткен. Жеке ишкер менен медицина кызматкерлеринин имарат боюнча тартышуусу ушул күнгө чейин созулуп келүүдө. Азыр эки тараптын ортосунда сот иштери да жүрүп жатат.
Ал эми борбордун абалын көрсөңүздөр мышык ыйлагыдай. Суу түтүктөрү жарылган. Коридорлорго суу толуп кетет. Дагара, чакаларды тосуп коюшкан. Алар бейтаптарга ыңгайсыздык жаратат. Эмкананы качан оңдоп-түзөөдөн өткөрүшөрүн сурасак сот иштери аягына чыкмайынча эч бир тарапка оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө уруксат жок экенин айтышты. Ортодо эле бейтаптар зыян тартышууда", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.