Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков өлкөдө 9 айда 11 миллиард 314 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, планда 10 миллиард 334 миллион киловатт-саат деп белгиленген. Демек, электр жарыгы пландан ашыгы менен өндүрүлгөн. Министр учурга карата электр энергиясынын импорту 3 миллиард 14 миллион киловатт-саатты түзгөнүн кошумчалады.