Бүгүн, 21-октябрдан тартып Бишкек шаарында айрым автобустардын каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, №6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу каттап, №4 шаардык ооруканага кирбей өтөт. №23 жана 18-автобустардын каттамдарынын схемасы да убактылуу өзгөрөт.
Мындай чектөө Махатма Ганди көчөсүндө (мурдагы Муромская көчөсү) жол оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.