Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 11 миллиард 321 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-октябрдагы жыйынында билдирди.
ГЭСтерде 8 миллиард 673 миллион киловатт-саат, Бишкек ЖЭБинде 1 миллиард 520 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Ал эми чакан ГЭСтерде 151,6 миллион киловатт-саат өндүрүлгөнү айтылды. Рысбеков ошондой эле таштандыны иштетүүдөн 768,8 миллион киловатт-саат электр жарыгы иштелип чыкканын кошумчалады.