Германияда мигранттар үчүн немис тили боюнча экзамендин талаптары 1-ноябрдан тарта күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, өзгөртүү экзамен учурундагы алдамчылык аракеттерине бөгөт коюу максатында киргизилүүдө. Эми тесттин кайсы бир бөлүгү талаптагыдай аткарылбаса, экзамен тапшырылды деп эсептелбейт.
"Буга чейин айрым талапкерлер тесттин суроолоруна туура жооп берип, бирок жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарбай койгон учурлар катталган. Германиянын Ички иштер министрлиги мындай өзгөртүү мигранттардын немис тилинде жазуу жана күнүмдүк турмушта өз алдынча баарлашуу жөндөмүн жакшыртууга багытталганын билдирди",- деп белгиленди маалыматта.