Президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине бүгүн, 4-июнда АКШнын президенти Барак Обамадан ыраазычылык кат келди. Обама А.Атамбаевдин АКШнын КС-135 учагында кырсыктап каза тапкан 3 учкучтун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтуусуна ыраазычылыгын билдирип, куткаруу иштеринде колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз бийлигине рахмат айтарын белгилеген. “Акыркы 11 жыл ичинде Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн биргелешип күч жумшоодо Кыргызстан АКШ үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп берди. Америка элинин атынан мындай маанилүү миссиялардын ишке ашуусуна сиздердин өлкөнүн баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылык билдирем”,- деп жазылат катта.