Бишкек мэри Иса Өмүркулов Апрель окуясынын баатыры Элдияр Керимовдун мемориалдык тактасынын ачылышына катышты

Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 2010-жылкы Апрель революциясынын баатыры Элдияр Керимовдун мемориалдык тактасынын ачылышына катышты. Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, эмгек, жаштар жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов катышты. Апрель революциясынын баатырларынын аттары элибиздин тарыхында түбөлүккө сакталат. Элдияр – ошол баатырларыбыздын бири. Анын өз элинин эркиндиги, келечеги үчүн көрсөткөн эрдиги патриоттуулуктун, мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү. Кыргыз эли өз баатырларын эч качан унутпайт, бүгүнкү мемориалдык тактанын ачылышы баатырлардын атын түбөлүккө калтыруу кадамдарынын бири”,- деди шаар башчысы. Катышуучулар эл баатырларынын өз мекенинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшү эч качан унутулбастыгын белгилешти. Элдияр Апрель революциясы маалында 19 жашта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан