Шайырбек Ташиев: "Митингчилер "Жалал-Абаддагы бардык административдик мекемелерди өрттөйбүз" дей элек, бирок талаптар аткарылбай калса аларды токтотуу кыйын"

"Эгер "ата журтчу" депутаттар менен Медер Үсөнов бошотулбай калса, анда митингчилер Жалал-Абад шаарындагы бардык администрациялык мекемелерди өрттөйт. Ичине бензин куюлган бөтөлкөлөр даяр". Бул сөздү маалымат агенттиктердин бирине 4-июнда "Ата Журт" партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов айткан. Бул маалымат боюнча Жалал-Абаддагы митингчилердин бири Шайырбек Ташиев мындай дейт. "Данияр Жаныкулов кызуу кандуулукка алдырып ушундай деп сүйлөп алды. Азыр аны өзүбүзчө сүйлөшүп жатабыз. Бирок учурда андай тополоң чыгара турган оюбуз жок, чечим күтүп жатабыз. Эгер камактагы "ата журтчу" лидерлер бошотулбаса, анда чогулгандарды көзөмөлдөө кыйын болуп калат".  Жалал-Абадда митинг дагы деле уланууда, Ош-Бишкек жолу тосулуу бойдон. Ал эми өзүн "элдик губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү бүгүн чечилиши мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан