“Кумтөр” боюнча маселени кароодо 1998-жылкы цианиттик аварияны кошуу керек”. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда ЖКнын Отун Энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү, ошондой эле Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Эркинбек Алымбеков билдирди. Айтымында, эгерде дүйнө жүзүндө ушул сыяктуу экологиялык авария болгондо миллиарддаган акчалар төлөнмөк. “Техникалык-экологиялык коопсуздукка “Центерра” жооп берип, керек болсо жетекчиси камалышы керек болчу. “Кумтөр” маселеси Кыргызстандын кызыкчылыгына карата чечилүүсү керек. Бүт кыргыз эли күтүп жатат. Ал эми сүйлөшүүнү аягына чыгаруу үчүн өкмөттүн дагы 3 ай мөөнөт берүү тууралуу сунушун мен колдойм”,- деди эл өкүлү.