Жалал-Абаддагы митингчилер Бишкек-Ош жолунун дагы бир аймагын тосушту. Тосулган аймак Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Мойнок айылына карайт. Маалыматка ылайык, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген трасса оор жүк ташуучу унаалар менен тосулган. Учурда ал жерде да 100дөгөн унаалар Ош шаарына өтө албай токтоп калышканын аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева билдирди.