Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын алдында камактагы “ата журтчу” депутаттарды колдогон митинг башталды. Аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева билдиргендей, өзүн “элдик губернатор” деп жарыялаган Медер Үсөнов Барпы айылына барган соң митингчилер Ош-Бишкек жолун ачышып, облустук администрациянын алдына келишти. Алар “ата журтчу” депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду камактан бошотууну талап кылышууда. Чогулгандардын саны 300дөй адам. Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абад ОИИБи обладминистрация бүгүн бошотула турганын кабарлаган болчу.