Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңеште "Кумтөр" алтын кенине байланышкан маселе каралып жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов “Кумтөр” маселеси качан чечилерин биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге суроо менен кайрылды. “Бул маселени сентябрь айында чечебиз деп үмүттөнүп жатабыз. 3 айдан кийин силердин алдыңарга келип отчёт беребиз”,- деди Оторбаев.