Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратынын ичинде отурган энелер “ата журтчу” 3 депутатты тез арада бошотууну талап кылышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди. "Энелер депутаттарды бүгүн бошотууну талап кылышууда. Ал эми митингдин лидерлери алар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда абал тынч жана эч кандай чагымчыл аракеттер байкалган жок",- деди Сусунбаев.