2013-жылдын 1-кварталында “Кумтөр” ишканасы 2 тоннага жакын алтын өндүргөндүгүн ЖКнын 5-июндагы жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков айтты. “Жыл башынан бери 1,89 тонна алтын казылып алыныптыр, келишим аяктагыча бизге эч нерсе калбай калат. Өкмөткө жардам берип, биздеги маалыматтардын негизинде китеп кылып басып чыгаралы. Эл да көрсүн өлкө кандай зыян тартып жатканын",- деди ал. Маселени талкуулоо уланып жатат.