Жалал-Абад: Энелер обладминистрациянын имаратын бошотушту

“Жалал-Абадда нааразычылык акциясына чыккан энелер обладминистрациянын имаратын бошотушту,- деди Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев. Айтымында, энелер облустук администрациянын имаратын түшүндүрүү иштеринен кийин бошотуп беришти. “Митингчилердин лидерлери өздөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң энелер мекемеден чыгышты. Губернатор кабинетине кирип, администрация кадимкидей иштей баштады. Учурда абал тынч, митингчилердин баары үйлөрүнө тарашты”,- деди Сусунбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан