Ош шаарын көрктөндүрүү боюнча жарыяланган эки айлык аяктады

Бүгүн, 5-июнь күнү Ош шаардык мэриясынын кеңейтилген жыйыны болуп, анда шаарды көрктөндүрүү боюнча жарыяланган эки айлык жыйынтыкталганы айтылды. Мэр Мелис Мырзакматов өткөрүлгөн ишембиликтин катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди. “Демилге көтөрүп ишембилик уюштургандарга рахмат. Биз муну менен токтоп калбайбыз, Ош шаары биз менен дайыма таза болот”,- деди ал. Эки айлыктын алкагында шаарга 10 000дей бак-дарактар көчөттөрү отургузулуп, ишембиликтерге 560 000дей адам катышканы айтылды. Эки айлыкка карата жарыяланган сынактар боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан