"Кумтөр" маселесин келишимди денонсациялоо жолу менен гана чечүүгө болот" дейт Дастан Жумабеков

“Өкмөт өкүлдөрү эмне себептен убакытты созуп жатканын түшүнбөйм. Менимче, "Кумтөр" маселесин чечүүнүн бир гана жолу бар - келишимди денонсациялоо",- деди ЖКнын 5-июндагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков. Айта кетсек, учурда парламенттин отурумунда “Кумтөр” маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы талкууга алынып жатат. Тактап айтканда, "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр" ишканасынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан