Жогорку Кеңеште депутаттар тобу тарабынан иштелип чыгып, тамеки өнүмдөрүнүн акциздик салыгын көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам демилгечилеринин бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу жүрүшүндө Кыргызстан рыногунда иштеп жаткан “Реемстма-Кыргызстан”, “Philip Moris” өңдүү компаниялардын өкүлдөрү азырынча акциздик салык көлөмүн көтөрүүнүн зарылчылыгы жок экендигин билдиришкен.
Алар “мындай кескин чаралар контрабанданын күчөшүнө алып келүү менен, импортчулар менен өндүрүшчүлөрдү ишине кедергисин тийгизет” деп эсептешет. Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев 2013-жылы тамеки өнүмдөрүнө карата акциздин салыктын өлчөмү көбөйбөй тургандыгын билдирди. Анын пикиринде, салык өлчөмү коңшу өлкөлөрдөн жогору болсо, контрабандалык ташуулардын көлөмү дагы арбыйт. Ошондон улам, 2014-2016-жылдар аралыгында акциздик салыкты акырындык менен көтөрүү чаралары көрүлө тургандыгын айтты. Ошондон кийин гана аны коңшу өлкөлөргө теңөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.