Нарын шаарында ЖКнын депутаттарынын көчмө жыйыны өтөт

10-11-июнь күндөрү Нарын шаарында депутат Каныбек Осмоналиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарынын көчмө жыйыны өтөт. Бул тууралуу Нарын облустук билим берүү округунан билдиришти. Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрүнүн  бул жыйынында билим берүү тармагынын күнгөй, тескейи талкууланат. Анда белгилүү болгондой, эл өкүлдөрү Нарын мамлекеттик университетине барып, мугалимдер менен жолугушуп, аталган окуу жайдын жетишкендиктери менен катар орчундуу маселелерди талкууга алышат. Ошондой эле шаардагы Жаштар ордосунда депутаттар менен билим берүү округдарынын, мектеп директорлорунун, акимдердин, кесиптик техникалык окуу жайлардын кызматкерлеринин жолугушуусу өтөт.  Анда облустун билим берүү тармагынын абалы тууралуу кеп козголот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан