Бүгүн, 5-июнда “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу, калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Жогорку Кеңеште талкуу жүрүп жатат. Ага өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев келди. Айта кетсек, ал бүгүн Жалал-Абаддагы митингчилер менен жолугуу үчүн эртең менен кеткен болчу.