Жети-Өгүз районунда миңден ашуун киши медициналык кароодон өтүштү

Бүгүн, 5-июнда Бишкектен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна 11 медицина кызматкерлеринен турган дарыгерлердин экинчи тобу кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өпкөнү текшерүүчү аппарат дагы жиберилген. Медицина кызматкерлеринин биринчи тобу аталган райондун тургундарына 10 күн бою кызматтарын көрсөтүшкөн. Маалыматка ылайык, миңден ашуун киши медициналык текшерүүдөн өтүшкөн. Борбордогу медициналык дарыгерлерден түзүлгөн топтун курамында невропатолог, стоматолог, уролог, гинеколог, кардиолог жана башка адистиктеги кызматкерлер бар. Ошондой эле УЗИден өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан