Кыргызстанда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн 200дөн ашык түрү Кызыл китепке киргизилген

Кыргызстанда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн 200дөн ашык чанда кездешүүчү түрү өлкөнүн Кызыл китебине киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнүнө, ошондой эле өкмөттүн алдындагы Айлана-чөйрө жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 25 жылдыгына карата болгон салтанаттуу жыйында айтылды. Маалыматка ылайык, алардын 95 түрүн өсүмдүктөр жана козу карындар түзсө, 26 түрүн сүт эмүүчүлөр, 53 түрүн куштар, 18 түрүн курт-кумурскалар, 10 түрүн кургакта да, сууда да жашоочулар, сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жана 7 түрүн балыктар түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан