Ош шаарында өткөрүлгөн жашылдандыруу жана көрктөндүрүүнүн 2 айлыгынын жыйынтыгы менен Ош мамлекеттик университети “үлгүлүү окуу жай” деп табылып, шаардык мэриянын акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Окуу жай мындай наамга өз имараттарын жана анын айланасын, шаардын аймагындагы ОшМУга бекитилип берген көчөлөрдү, сейил бактарын тазалоодо, жашылдандырууда көрсөткөн активдүүлүгү, демилгелүүлүгү үчүн татыды.
Окуу жайдын жетекчиси Каныбек Исаков: "Университет коомго бардык жагынан үлгү, демилгечи болууга тийиш экенин белгилеп, анын ичинде шаардын, айлана-тегеректин таза, көркөм болушу үчүн да ОшМУнун жамааты, студенттери ар кандай демилгелер менен чыгып, бардык иш-чараларга жакындан катышып келе жатат",- деп билдирди.