"Кыргызстанга келүүгө туристтер тарабынан массалык баш тартуу болгон жок". Мындай пикирди бүгүн, 5-июнда Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоо мекемелеринин ассоциациясынын президенти Акжолтой Насирдинов билдирди. Анын айтымында, туристтерден баш тарткан бирин-серин гана учур болгон. Ал Кыргызстандагы пансионат жана санаторийлердин 90 пайызы туристтик сезонго даяр экендигин белгиледи. “Биз президенттен, премьер-министрден өлкөдөгү абалды кыска убакыттын ичинде калыптандырып, зарыл болгон чараларды кабыл алууну сурайбыз”,- дейт ассоциациянын башчысы.