Ош шаарынын жаштары белекке алган 200 миң сомду көпүрө курууга жумшайт
5-июнда Ош шаардык мэриясынын кеңейтилген жыйыны болуп, анда шаарды көрктөндүрүү боюнча жарыяланган эки айлык жыйынтыкталды. Ош шаардык Жаштар комитети эки айлык көрктөндүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн мэрия тарабынан 200 миң сом менен сыйланды. Ал акчаны комитет шаардагы Алишер Навои көчөсүнө курулуучу жаңы көпүрөгө беришерин маалымдашты.