2013-жылы Ысык-Көлдөгү пансионаттар бир убакта 50 миңге жакын эс алуучуларды кабыл ала алат
2013-жылы Ысык-Көлдөгү пансионаттар бир
убакта 50 миңге жакын эс алуучуларды кабыл ала алат. Бул тууралуу 5-июнда
маалымат жыйында Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоо мекемелеринин
ассоциациясынын президенти Акжолтой Насирдинов билдирди. Айтымында, өткөн жылы
бир эле убакта көлдө 40 миңге жакын адам эс алган. “Быйыл ал жаңы курулган пансионаттар, жаңы
ишке киргизилген жеке сектордогу эс алуучу жайлар менен бирге бир убакта эс
алуучулардын саны көп болот деп жатабыз”,- деди ал.