Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште Жалал-Абаддагы кырдаал боюнча маалымат берет

Бүгүн, 6-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламентте Жалал-Абаддагы кырдаал боюнча маалымат берет. Айта кетсек, 5-июнда Сатыбалдиев Жалал-Абадга барып, митингчилер менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин чогулгандар үйлөрүнө таркап, обладминистрациянын ичинде отурган энелер имаратты бошотушкан. Премьер-министр нааразы тарап менен жолугушуу учурунда "ата журтчу" 3 депутатты бошотууга болбостугун, анткени сот иши аягына чыга электигин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан