Декларация: Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-жетекчиси Айгүл Рыскулова 2012-жылы 594185 сом маяна алган
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Айгүл Рыскулова 2012-жылы негизги иш ордунан 594185 сом маяна алган. Бул маалымат анын бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Рыскулованын 102,8 чарчы метр аянтты ээлеген 1 батири болсо, жакындарына таандык 2008-жылы чыгарылган Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаасы бар. Жакындары 2012-жылы 230097 сом киреше тааптыр.