Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Күн тартибине 15 маселе коюлуп, депутаттар 1-3-маселелерди бириктирүү сунушун айтышты. Бул маселени чечүү добушка коюлуп, учурда жыйында күн тартибиндеги маселелер боюнча иштөө үчүн сунуш-пикирлер айтылууда. Айта кетсек, шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 39у жыйынга катышууда.