ИИМ: Ош аэропортунун мурдагы жетекчиси Орозбек Калдаровго кылмыш иши козголду
Ош аэропортунун мурдагы директору Орозбек Калдаровго карата кылмыш иши козголгонун ИИМден билдиришти. Ал алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка беренелер боюнча айыпталууда. Маалымдалгандай, Калдаров аэропортту жетектеп турган учурда жакындарын мыйзамсыз түрдө жумушка алып, алар иштебесе деле айлык берип турган. Мунун айынан мамлекетке 517 миң сомдук зыян келтирилген. Ал Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу аймактан 1 гектар жерди менчиктеп алган. Мындан башка да былык иштери ачыкка чыккандыгын билдирет ИИМ. Тергөө иштери уланууда.