Депутаттар экс-министр Равшан Сабировдун соттолушу боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты
Парламенттин 6-июндагы жыйынында айрым депутаттар экс-министр Равшан
Сабировдун соттолушу боюнча депутаттык комиссия түзүп, анын канчалык деңгээлде
күнөөлүү экендигин иликтөө сунушун айтышты. Сот тармагында баш аламандык болуп жатканын белгилеген депутаттар, жакында сот департаментинин башчысы 10 миң доллар пара менен кармалып, бирок айып пул төлөп чыгып кеткенин, Бакиев менен Азиз Батукаевди качырып жибергенин айтышты. Муну менен катар парламентте Жогорку Соттун отчётун угуу сунушу да белгиленди.