Бакыт Төрөбаев вице-спикерликтен кетти

Бүгүн, 6-июнда ЖКнын жыйынында төраганын орун басары Бакыт Төрөбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын берди. Азыр айтымында депутат айыл чарба тармагына көбүрөөк көңүл бурууда. “Мен креслого жармашпайм. Айыл чарба жаатында иштеп жаткандыктан, эл менен бирге болуп алыскы аймактарга барууга туура келет. Ушул мезгилдер арасында кетирген кемчиликтерим, катачылыктарым болсо кечирим сурайм”,- деди ал. Эске сала кетсек, Бакыт Төрөбаев учурда "Өнүгүү" депутаттык тобунун мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан