ЭЛДИК КАБАР: "Соцфонддун төрагасы эң аз пенсия 1800 сом деп айтты, а биз андан да аз алабыз" дешет пенсионерлер

Буга чейин Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров өлкөдө эң аз пенсия алгандар дыйкандар экенин, алар 1800 сом пенсия ала тургандыгын билдирген. Абжапаровдун бул билдирүүсүнөн кийин эң аз пенсия 1800 сом эмес экендигин пенсионерлер жана алардын жакындары SUPER.KG порталына кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, дыйкандар эмес, көп жыл мугалим болуп иштегендер да андан аз пенсия алып жатышат.

Алардын бири Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Тельман айылынын тургуну Тажикан Турашова, 33 жыл мектепте мугалим болуп иштеген.

"Мен 2017-жылы 55 жашымда пенсияга чыктым. Жер үлүшүнө да салык төлөп келгем. Пенсия мага 1637 сом чыгып жатат, башында кандай чыкса ошол сумма менен эле келе жатат", - дейт Турашова.

Ушул эле айылдын тургуну Мубарак Төлөбаева 55 жашта, 1 кызы бар. Мамлекеттик мекемелерде пол жууп иштеген, мындан тышкары дыйкан чарбасында эмгектенип жүрүп өткөн жылы пенсияга чыкканын билдирет ал. Айтымында, 1157 сом пенсия чектелген.

"Мындан тышкары пенсия же жөлөк пул алганы почтага баргандарга кааласа-каалабаса гезит кошуп беришет, анын акчасы кармалып калат да, бизден сураш керек да, биз гезитти алабызбы же жокпу. Эмне үчүн бирөө биз үчүн чечиш керек?" - дейт Төлөбаева.

1800 сомдон аз пенсия алам дегендердин бири - Райкан Каримова аттуу Ала-Бука районундагы Тельман айылынын 55 жаштагы тургуну. Ал 2 кыздын энеси. 34 жыл дыйканчылык менен алектенип, пенсияга чыкканын айткан Каримова учурда айына 1666 сомдон акча алат.

Эң аз пенсия деген суммага такыр жакындашпаган акчаны Аксы районунун Кичи-Акжол айылынын тургуну Кундус Шадыканова алат. Ал өткөн жылы 55 жашында пенсияга чыккан. 5 баланын энеси.

"Апам өмүр бою дыйканчылык менен алектенген, жер салыктарын төлөп келген. Алгач пенсияга 900 сом менен чыгып, азыр 1000 сом пенсия алат", - деп билдирди анын кызы.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Baatirbek81
2018-01-20 15:39:31
Депутаттардын айлыгын кыскартып пенсияга кошуп бергиле
+13
Ermekbai
2018-01-20 15:46:40
Газета кошуп сатканын жакшы айтыптыр. Даже почтачы акчаны тараткан үчұн ар бир пенсионерден 40 сомдон алат бизде далилдеп берем. Эгер ушуга окшогондорду түп тамыры менен жок кылам дешсе.
+11
baisogur
2018-01-20 16:04:41
Соц Фоннтто иштегендерге асылбай эле сүйлөгүлө туугандар,алган айлык 10миң сом ишке барып келген жол акы обед кылганыңдан артпайт стажым жогоруласын деп иштеп жүрүшөт кээ бир адамдардын сүйлөгөн сөздөрүнө чыдап иштейсин кыжырыңа тийет алар деле адамго айбандай мамиле кылат баштан өткөн окуяларымы айтып жатам айылыктан айлыка жетпей иштен бошоп чыгып кеткем,ар бир адам өзүн өзү оңдосо дейм ар кимди шыбай бербей !
-14
nary-beri
2018-01-20 16:12:45
baisogur, мамлекеттик иште ишегенден кийин , кичине маанияттуураак кабыл алышса жакшыго. кеп айлыкта эмес.
мисалы : башка тейлөө борборуна барсаң күлүп жайнап төсуп алышат
айлыкка карап мамиле кылышкан болбойтда.
+3
Byrmachach
2018-01-21 12:20:32
baisogur,мен өз мисалам менен айта алам корс, орой, акча бермейинче ишиңди бүтүрбөгөндөрү бар. Арызданган менен арга жок, баары бири-бири менен байланышкан, майнап чыкпайт! Айлык аз деп элге орой мамиле жасаганга жол бербеш керек!
0
Stervamyn
2018-01-22 10:11:42
baisogur,ошо айлыгы аз болгон учун акча жешет.
0
Soni130587
2018-01-20 16:18:07
Гезитти туура айтыптыр берген гезит жаны болсо да мейли эки ай мурунку гезитти беришет анан 100 50 сомдон кармайт жон эле.
+7
Totyua.71.
2018-01-20 18:11:00
Булар калп айткандан уялбай калышкан..Ошол акча менен озулору жашап корсо ,билээр эле..бир кап ун келбестигин...
+3
Kuba-KG23
2018-01-20 19:24:48
Чоң жеп чоң ичип жүргөндөр да жооп бере турган күн келет! Алар ойлошот да, өлбөйбуз деп! Карапайым калкыбыз, сабыр кылып бирөөнү куноологондон алыс бололу демекчимин.
+1
kyrgyzsaram
2018-01-20 19:46:16
Ошол эки эсе кобойтуп айтса деле кантип уялбай айтышат. 1800 сом деген акчага кантип бир ай жашоого болот. Биздин чиновниктерге соз жок...
0
dina
2018-01-20 19:52:12
Район борборлорунда кайсы банктар иштесе пенсияларды ошол банкка котортуп карта менен алсанар жакшырак болот, пенсия тараткыч газета, самын, чай, жол расход деп кармай албайт. Акчанарды да кечиктирбей убагында аласынар.Бирок кээ бир алыскы айылдарда айла жок. Айылда пенсия тараткан аял жума куну апкелсе чарчап келдим деп дуйшомбуго калтырат экен, анан дуйшомбу куну похоронго кеттим деп дагы 2 кун жоголот экен.
+2
aman0296
2018-01-20 21:31:55
Оздору билишпейт эн аз пенсия канча экенин. Анан оозуна келген цивраны айтып койду да
+2
Nurik1988
2018-01-21 00:38:56
Ошол 1800сом деп айтканды озун ошо 1800сомго пенсияга чыгарыш керек корот елем анан кайака жеткирерин
+2
isnur93
2018-01-21 04:16:42
Ошо почточуларгада гезитти таштап кетишет,алардын айлыгынан кармап калат акчасын.бул ооо жогорудагы жеп жутарлардын системасы.ортодо карапайым эл эле кыйналат.
-1
Byrmachach
2018-01-21 12:25:42
Апам райондон алыс турган ооруканада 40 жылдан ашык ак эмгектенип, ушу кызматта иштеген бир аялдын жамандыгынан 1400 менен пенсияга чыкты, күйбөгөн жериң күл болот. Колуңан эч нерсе келбейт. Сүйүнткөнү элдин сый-урматына ээ болгон дарыгер. Пенсияда болсо да келип кеп-кеңешин алышат. Мындай окуялар көп болсо керек. Бир жыл иштебеген айрым адамдар пенсияга чыгып, акчасын да көп алганын көргөн жерибиз бар. Акыйкат кай жерде? Же акча чечип калганбы баарын? Абийирин жоготкон адамдан түңүл дечү эле.
0
1919
2018-01-21 15:20:50
Билим министрин экоон кошуп туруп иштен айдаш керек.Анысы канча айлык алаарын билбесе мунусу пенсиянын канча экенин билбейт.
0
Akylbek1984
2018-01-21 19:48:27
Жакында андан да аз пенсия алышат... Себеби казанда болсо чомучко чыгат да...
+1
jazgul1992
2018-01-23 23:11:40
эн томон пенсия 1800 деп алып андай кылганы эмнеси. эми аларды соц фондко чакырышып кыйнашпаса болду. гезит жонундо маалымат туура эмес дейт кандай туура эмес текшерген адам барбы озу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан