ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа Чычкан суусуна кулап кетип 1 адам каза болду" дейт окурман

"Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа Чычкан суусуна кулап кетип 1 адам каза болду", - деп билдирди окурман бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталындагы "Элдик кабар" рубрикасына.

Окурман билдиргендей, кырсык кечээ, 20-январда түнү болгон.

"Бишкектен Ошту көздөй келе жаткан күйүүчү май ташыган унаа Чычкан суусуна кулап кеткен. Фредлайнер унаасында 40 тоннадай күйүүчү май бар болгондугу айтылууда. Унаада 2 айдоочу болгон, анын бири кырсыктан каза болуп калган. Дагы бир айдоочуну ӨКМнын кызматкерлери унаадан алып чыгып, Токтогул райондук ооруканасына жаткырылды", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adil706070
2018-01-21 14:18:40
Жараткан бейиштен жай насип этсин.Туугандарына,жакындарына сабыр,кайрат айтамын.
Чычкандын чыга беришиндеги копуродон болгон окшойт го
+3
grace
2018-01-21 15:22:05
Түндүк-түштүк темир жолубуз болсо канчалаган адам тирүү калмак! Жемкорлор акчаны жей бербей ушуга жумшоо керек!
+4
Leilek-razzakov
2018-01-21 16:27:06
Чындыгында Бишкектен Лейлекке чейин турба эле орнотуш керек болуп калды. Бишкектен куят бензин, солярканы Лейлектен тосуп алып Тажикстанга киргизе берет. Эки кундун биринде жол кырсыгы, дагы бензовоз катышкан.
+7
Taalaibek.
2018-01-21 18:38:53
Качанга чейин жаш балдарды айдоочулука алганды коюшат. Тажырыйбалу айдоочуларды алса болот го.
0
Peri93.93
2018-01-21 20:22:02
Kudai aai kaza bolgon adamdyn jaiy jannattan bolsun,al emi jibergen adam oshondoi oor kyrdaldy jiberbei ele koiboptur?bulardyn orduna ozun ko8p korboptur?elder smartfon u4un baaryna daiar bolup kalgany ushudan ele bilinip turat?andan koro japa 4ekken adamdarga kirine bolsoda ruxanyi jaktan ku4 berbeptir.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан