ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Букадагы мал базарда трансформатор курчоосуз турат, аны эл мал байлаган мамы кылып алган" дейт окурман

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы мал базарда жогорку чыңалуудагы трансформатор эч кандай курчоосуз турат. Мындай билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына жөнөтүп сүрөттөрү менен бөлүшкөн.

Окурмандын айтымында, эл трансформаторго мал байлап көнүп калышкан.

"Базардын администрациясы же дагы бир тиешелүү тараптар эмнеге буга көңүл бурбайт? Базардын дал ортосунда жайгашкан трансформатор курчоого алынбай турат, ага тегерете мал байланат. Кырсык болуп кеткенден кийин кеч болот. Мен муну көптөн бери байкап жүрөм, бирок абал өзгөргөн жок", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Benazir08
2018-01-22 03:05:45
Курчаш керек буну. Бул ото кооптуу биз жакта мектеп окучусу кармап алып азыр бир колу жок
+4
Tolerik
2018-01-22 04:43:34
Урматту супер инфо, эгерде мумкунчулук болсо Алиша Диадан жашоосу тууралуу интервью аласыздарбы? Кайненесинин инстаграмм баракчасына Алиманды аябай жаман создор мн жазган экен, эмне себептен?
-13
NURTILEK_KG
2018-01-22 07:41:07
Азыр элге да баарибир чондорго да баарибир болуп калган.
+4
talant87
2018-01-22 13:28:38
Алдын алса болмок таяр иш кылсан текшерген адам коп мындайды корушпойт
+3
Lion.
2018-01-22 15:08:51
Смартфон кетти дей бергиле))
+1
Aruwka.89
2018-01-23 01:15:41
ИИ музоону, бойтоюп)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан