Бишкекте 3 унаа сүзүшүп, кырсыктан 1 адам жаракат алды. Мындай билдирүүнү бүгүн, 23-январда окурман "Элдик кабар" рубрикасына маалымдады.
"Бах жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаа сүзүшүп жол кырсыгы катталды. Анда BMW X5 үлгүсүндөгү унаа Түштүк магистраль көчөсү менен келе жатып Ford Focus жеңил унаасын сүздү, ал Lexus үлгүсүндөгү жол тандабасты сүздү. BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаш жигит экен", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.