ЭЛДИК КАБАР: "Суукка байланыштуу каникул жарыяланганы менен, айрым мектептерде окуу жүрүп жатат" дейт окурман

Араван районунун Кичик-Алай айылындагы Тургумбай Осмонов атындагы орто мектепте окуу жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-январда окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу кабарлады.

"26-январдан баштап 30-январга чейин суукка байланыштуу өлкөдөгү бардык окуучулар каникулга таратылат деген маалымат тараган. Бирок ага карабай бир мектеп иштесе, бир мектеп иштебей жатат. Мектептерге өз убагында маалыматтар жеткен эмес окшойт, окуучуларга мугалимдери каникул тууралуу айтышкан эмес. Буга байланыштуу окуучулар мектепке кетти", - деген окурман.

Эске салсак, абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу өлкөнүн бардык мектептериндеги окуучулар 26-30-январга чейин кыска мөөнөттүү каникулга таратылганы маалымдалган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azat.97
2018-01-26 11:47:29
Жылуу болсо окуй беришсин да.Ошто жылуу деп аттынар эле го
+3
Eli.91
2018-01-26 11:52:17
Azat.97,
Силер Кичи-Алайды билбейт окшойсунар?жадыраган жазда алар устуно калын кийинип журушот,кун суук болуп,кышындасы 1 метр анданда коп жаайт кар ал жакта?анан ал жакда эл аз?окууга 1-2километр алыстан келип окушат?суукда кантип келип окуйт алар?
-2
Isco23
2018-01-26 14:52:04
Eli.91,сен да кичи алайды билюейт экенсин. Ал араванда. Алайда эмес. Араван жылуу да озбекстанга жакын. Окуй беришсин. Оздорунун планы мн.
0
Eli.91
2018-01-26 15:08:57
Isco23,
Сен эсли Араванды жакшы билгенинде Араван району на караштуу Кичик-Алай айылы бар экенин билет Элен?Араванга караштуу Алай Папан суу сактагычын бойлоп кете берет?мен айткан Кичи-Алай Ак--Буура суунун башында жайгашкан?Кожекелен Чоогом Ак-Талаа Кашка-Суу Кызыл-Шоро Сарык-Мол деген айылдар бар ал жакда?
0
Eli.91
2018-01-26 11:48:05
Коп жерде окуу болуп жатат?не учун баарын бирдей каникулга таратышбайт?
+2
nazarnew
2018-01-26 11:54:32
Ошто африка окуй беришсин, а бишкекте всегда суук эс ала беришсин.
+2
jasgul
2018-01-26 12:35:47
Ооба , мына эки шок мектепке кетсе болот эле. Ошто кун тийип эле турат.
+2
nazira...
2018-01-26 12:57:39
jasgul, Менде да отурушат уйдо. Мектеп эле жакшы эле, же эшикте каар жок чыгып ойногула дегидей.Озум иштемин колум телефондо уйдогу балдар болуп иштей деле албай жатам эки анжы болуп. дагы нени орттоп жиберишет деп. Ошто ысык болуп атса неге каникул тушунбойсун.
+1
Totyua.71.
2018-01-26 12:36:52
Мыйзам баарына бирдей эмес экен да анда...
-2
take19
2018-01-26 17:30:46
"Кыштын кыштайы, кыздын кыздайы жакшы" дегендей кадимкидей эле кыш болуп жаткан. Жөн эле чуулдап жатышат.
+1
janymjamal
2018-01-26 17:36:18
Токтом кечээ чыкты кичи алайгамкабар жетпей калса как да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан