"Үйүбүзгө өтө жакын жайгашып, ыңгайсыздык жараткан таштанды урнасын короого алып кирип койгондугубуз үчүн "Тазалык" ишканасы үстүбүздөн арыз жазып, кылмыш иши козголуптур", - дейт окурман бүгүн, 26-январда "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн билдирүүсүндө.
Окурмандын айтымында, анын Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылынын Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнүн тосмосунун жанына таштанды таштоочу урна коюлган. Бирок тосмонун аркы бетинде эле үйдүн терезеси болгондуктан алар урнаны башка жерге коюуну суранып, айыл өкмөткө коңшулардын колу коюлган арыз менен кайрылган. Бирок айыл өкмөтү бул тууралуу чечим чыгып калгандыгын билдирип "Билген жериңерге барып арыздангыла" деген жоопту узаткан.
"Урна орнотулгандан көп өтпөй андагы таштандылардын жагымсыз жыты келе баштаган. Ошого байланыштуу жолдошум коңшулар менен урнаны короого алып кирип, ал турган жерди таштандылардан тазалап койгон. Ага чейин урнадагы таштандынын баарын иттер сүйрөп келип, артынан жыйнап эле жүрчүмүн. Таштанды таштоочу жердин ордун алмаштыруу тууралуу оюбузду эч ким укпай койгондо аргасыз ушуга бардым. Урна орнотулган жердин маңдайынан эле көчөнүн жашоочулары таза суу алат, балдар ойношот. Таштандылардан ар кандай жугуштуу оорулар жугушу мүмкүн", - деп жазган окурман.
Ошондой эле бул окуядан көп өтпөй үйүнө милиция кызматкерлери келип мамлекеттин мүлкүнө кол салгандыгы үчүн алардын үстүнөн "Тазалык" ишканасы арыз жазып, кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдиргенин кошумчалаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.