"Бишкектеги үйлөргө жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн жок, таптакыр эле жылуулук берүү өчүрүлгөн" дейт окурман "Элдик кабар" рубрикасына жиберген билдирүүсүндө.
"Мен борбордун Ахунбаев-Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде жашайм. Бизде кечээ, 26-январдан тарта жылуулук өчүрүлгөн. Кыштын кыраан чилдесинде жылуулуктун температурасын жогорулатуунун ордуна, таптакыр өчүрүп салганын кандай түшүнсөк болот? Биздин үйдө балдар бар, алар сууктан ооруп калышы мүмкүн. Андыктан бул маселе тез арада чечилиши керек", - дейт окурман.
Эске салсак, 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда өзгөчө кырдаал катталып, үйлөргө жылуулук берүү төмөндөгөнү маалым болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.