Бүгүн, 27-январда өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы абал менен таанышуу үчүн аталган борборго иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, өкмөт башчы Канатбек Муратбеков башында турган Мамэкотехинспекцияга тез арада ЖЭБде катталган кырдаалдын себебин аныктоого тапшырма берген. Ошондой эле кыштын күнүндө, ал гана эмес күн суук болуп жаткан учурда мындай кырдаалга жол бергендер жазаларын алышы керек экендигин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, кечээ, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. Учурда Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.