"Борбордогу жаңы салынган тротуарлардын жээктери сынып, бир мезгилге жеткен жок" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бишкек шаарындагы Щербаков көчөсүнө жаңы салынган тротуарлардын жээктери бир кышты өткөрбөй талкаланып жатат. Тилекке каршы, мындай абал бир эле бул көчөдө эмес, шаардагы бир канча көчөлөрдө кездешет. Жолдорду жасаганга жараша сапаттуу жасашса жакшы болмок. Сапатсыз жасалган иш үчүн кандайдыр бир чаралар көрүлөбү?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.