ЭЛДИК КАБАР: "Тогуз-Торо районунда калдыктарды кайра иштетүүчү комбинаттын ишке киришине каршы митинг өтүп жатат"

Тогуз-Торо районунда калдыктарды кайра иштетүүчү комбинаттын ишке киришине каршы митинг өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман билдирди.

Окурмандын айтымында, "Макмал" алтын кениндеги калдыктарды кайра иштеткенде көп уулуу заттар чыгат. Анын кесепетинен чөптөр өспөй, ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
maramak
2018-02-01 13:57:59
Курулган комбинаттын 90проценти бутуп калды, эмне учун курууга уруксат берди анда? Мындай жоруктар инвестиция тартканга терс таасирин тийгизет
-2
Aydarov.0607
2018-02-01 14:06:21
Ушинте берсек онукпойбуз. Зыяндуулук ошол биздеги кредит алуулар карыз болуп того алалбагандык.
-2
Siren90
2018-02-01 14:55:06
Aydarov.0607,сиз ошол жашоочулардын ордунда болсонуз тушунот элениз, алыста туруп суйлой бериш оной, митингге чыккандар кийинки муундун саламаттыгын ойлошууда
+1
kuba.kq8705
2018-02-01 14:54:37
завод курса зыян десенер курбаса иш жок талаалап кеттик десенер элдерге озу эмне жагат экен кызык
-2
kuba.kq8705
2018-02-01 14:56:02
кытайда канчалаган завод камбинаттар иштеп жатат биз менен тен эле жашка чыгып жатышатго 80-90
-1
Jelezo
2018-02-01 16:58:41
Тогузторолуктар анча мынчага тоготбойт себеби ал жэрде радияция абдан жогору ошол жерде туулуп өскөндөргө зыяны жок токсондон ашып жашап жатышат бозо көп ичиш керек
-2
1988kazarmankg
2018-02-01 20:21:22
Jelezo,кел казарманга жаша жаны курулуп жаткан комбинаттын жанына уй салып берели гарантия 100 го чыгасын
+3
Koshaly
2018-02-02 22:55:42
Тээ алыста туруп алып ар кайсыны суйлобогулочу , келечекти ойлош керек да, адамдардын ден соолугуна аябай зыян!
Бул курулуп жаткан комбинатан жергиликтүү калк жыргабайт , ошол эле чондор жыргашат ... мамлекеттке кымындай пайдасы жок дагы бирөөнүн чирип байышына жол ачылат!!!! мен толук каршымын!! Ушул аким алмашылса той кылат элем, ушул акимдин айынан Тогуз-Торо жери өнүкпөй жада калса айылдарына таза суу бара элек , жолдорду айтпай эле койойун . Болбосо бизде комбинат бар 30 жылдан бери
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан