Бүгүн, 2-февралда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кайрылып, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Правда айылында бала бакча жеке тараптарга сатылып кеткенин айтты.
"Бала бакча Союз учурунан калган, учурда аны бузуп жатышат. Биздин айылда эки бала бакча бар, бирок алар менчик. Айына 1200 сом. Бузулуп жаткан бала бакчаны оңдоп ишке киргизет го деп жатканбыз, көрсө жети адамга 5 миллион сомго сатылып кеткен экен", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.